Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү жана жогорку окуу жайлар тарабынан тосуп алынган тротуарларды ачуу маселеси боюнча жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Ак буура жээгиндеги суу коругуна салынып кеткен жеке турак үйлөрдү, тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, соода түйүндөрдү мыйзам чегинде карап чыгып, алып салуу жана ал жерлерге эс алуу жай, скверлерди куруу маселеси көтөрүлдү.
Мындан сырткары, аймактагы жогорку окуу жайлар тарабанын тосуп алынган жерлерди, тротуарларды ачуу, студенттер жана мугалимдер үчүн кошумча унаа токтотуучу жайларды уюштуруу талабы коюлду.
Эскерте кетсек, Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан жогорку окуу жайларда 110 миңден ашуун студенттер окуйт.
