Бүгүн, 24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Гапар Айтиев жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн абалын көрүп чыкты.
Мэр аталган көчөнүн боюндагы тротуарларды, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштардан бошотуу, калыбына келтирүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан курулуштардын уруксат кагаздарын текшерип чыгууну тапшырды.
Шаар башчысы быйылкы жылы шаардын бардык аймактарында жашыл аймактарды түзүүгө, гүлдөрдү жана декорациялык өсүмдүктөрдү отургузууга өзгөчө көңүл бурулаарын белгилеп, Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдон баштап Бекмамат Осмонов көчөсүнүн эки тарабына шаар тургундары үчүн веложол, тротуар менен бирге сейил бакты куруу тапшырмасын койду.