Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Мында учурда аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалыматтар берилип, тиешелүү кызматтарга базарлардын аймагын тез ара ичинде тартипке келтирүү, башаламан соодага каршы туруу, тартип бузгандарга тиешелүү эскертүү жана билдирүүлөрдү берүү, санитардык ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөө, унаа токтотуучу жайларда унаалардын кыймылын тартипке салуу боюнча талаптар коюлду.