Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык бүгүн Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен Ош шаарын өнүктүрүү, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү багытында илимий-практикалык ыкмалар менен иш алып баруу максатында Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, илимий кызматкерлери менен кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош мамлекеттик университетинин ректору, экономика жана финансы тармагындагы жетекчилер катышышты.
Жыйында шаарды өнүктүрүү боюнча сунуштар, идеялар айтылып, пикир алмашуу болду.