Бүгүн, ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын жашоочусу Илимбек Жээнбековго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 135 320 сом кенемте сертификаты берилди.
Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырышты.
Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган унаанын чыгымдарын ордун толтуруу максатында бөлүндү.