Бүгүн, Ош шаарынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулунун жетектөөсүндө, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда “Коррупция, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө, алдын алууга саресеп” аталышында семинар өткөрүлдү.
Анын алкагында, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов, Ош шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Самат Жунусов баяндама жасашты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга шаар бийлиги тарабынан муниципалдык аймактык башкармалыктардын, шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү, жер-жерлерде жыйындарды өткөрүү тапшырмалары берилди.