АРИС (ПРЭР) жана “Дестинации Ош” уюмунун колдоосу менен Ош шаары жана Ош облусунун 20 туроператору үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд, Бухара жана Ташкент шаарларында роуд-шоу уюштурулуп, алар “TITF 2024” эл аралык туристтик көргөзмөгө катышышты.
Иш-чаранын алкагында Самарканд, Бухара шаарларында Кыргыз Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынын ар кайсыл шаарынан катышкан 30дан ашуун туристтик уюмдар, бизнес өкүлдөрү тарабынан чет өлкөлүк жана регионалдык туристтер үчүн биргелешкен турлар өткөрүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, эки өлкөнүн туристтик тармагынын өкүлдөрү арасында жолугушуулар өттү.
Мындан тышкары, Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын туроператорлорунун, блогерлердин жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык жана промо-турларды өткөрүү боюнча макулдашылып, Самарканд менен Ош шаарларынын арасында жаңы каттам ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Роуд-шоунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын туроператорлорунун ортосунда 86 келишимге кол коюлду.