Бүгүн, борбордук аянтта Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата “Жибек жолу марафону 2024” аталышында чуркоо боюнча эл аралык жарыш өткөрүлдү. Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетин ректору Кудайберди Кожобеков катышып, жөө күлүктөргө ийгиликтерди каалашты.
Марафондук жарышта ОшМУнун мугалимдери, студенттер, туристтер, Бишкек, Нарын, Жалал-Абад, Баткен шаарларынан, ошондой эле Кытай, Россия Федерациясы, Египет, Өзбекстан Республикасы, Пакистан, Индия өлкөлөрүнөн келген 1000ге чукул спортчулар күч сынашып, 3 категория боюнча 3, 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты.
Соңунда жеңүүчүлөргө диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.