ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
№ 968 2025-жылдын 20-октябры
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 865-т тескемесин ишке ашыруу, ошондой эле шайлоону уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 17, 18, 44, 45, 48-беренелерин, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8, 18, 20, 21-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча шаардык штаб (мындан ары – шаардык штаб) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын жооптуу өкүлдөрү (шаардык мекеме жана ишканалар) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Шаардык штаб жана шайлоо участкаларына бекитилген Ош шаарынын мэриясынын жооптуу өкүлдөрү (шаардык мекеме жана ишканалар):
– шайлоо комиссияларындагы шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо жана калыптандыруу иштерине, ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүшсүн;
– шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүү, аларды автотранспорт, зарыл материалдык-техникалык жана байланыш каражаттары, уюштуруу техникасы, резервдик электр булактары (генераторлор) менен камсыз кылуу маселелерин чечишсин;
– шайлоо участкаларын даярдоо, жарыктандыруу жана зарыл шарттарды түзүү иштерин уюштурушсун;
– шайлоо участкалары боюнча керектөөлөрдүн картасын түзүү үчүн майыптыгы бар шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтарды беришсин;
– үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жерлерди бөлүп берүүнү жана аларды жайгаштырууга бирдей шарттарды камсыз кылышсын;
– жарандардын арыздарын, сунуштарын жана шайлоо комиссияларынын кайрылууларын өз убагында карап, тиешелүү чараларды көрүшсүн;
– шайлоо процессине байланыштуу башка уюштуруучулук иш-чараларды жүзөгө ашырышсын.
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тѳмѳнкү чараларды кѳрсүн:
– мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо жабдууларын ташуунун жана сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу;
– шайлоочулардын добушун сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга каршы күрөшүү, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берүү;
– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу;
– шайлоо мезгилинде коомдук тартипти сактоо;
– координациялык оперативдүү чара көрүү тобунун ишинин алкагында укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.
- Ош шаардык прокуратурасына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча прокурордук көзөмөл жүргүзүү сунушталсын.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы шайлоо комиссияларына берилген жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
- Ош жана Сулайман-Тоо райондук электр тармактар ишканалары шайлоо мезгилинде шайлоо участокторун электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылышсын.
- Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий веб-сайтта жана социалдык тармактарда маалыматтык материалдарды жайылтуу аркылуу шайлоо тууралуу калкты маалымдоону, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырууну уюштурсун.
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнө, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгына, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы № 25 мекемесине (СИЗО-25), Ош шаарындагы саламаттык сактоо мекемелерине жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууда көмөк көрсөтүү сунушталсын, анын ичинде:
– тиешелүү органдарда жана аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткандарга;
– шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта отургандарга;
– стационардык дарылоо мекемелеринде жаткандарга.
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы шайлоо комиссияларына бөлүнгөн жайлардын өрт жана энергетикалык коопсуздугунун талаптарынын сакталышын көзөмөлгө алсын.
- “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Ош областтык филиалы жана Ош шаардык телефон түйүнү шайлоо участкаларындагы интернет байланыштын сапатын жана ылдамдыгын такай текшерүү аркылуу, байланыштын бардык түрүнүн үзгүлтүксүз иштешин уюштурсун.
- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы жана “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасы шайлоо күнү коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышсын.
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы шайлоо күнү шаар аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну уюштурсун.
- Токтом “Ош шамы” гезитине жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэринин орун басарларына, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Мэр Ж.Ш. Токторбаев
