Жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, УКМКнын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу окуучуларды 1-класска кабыл алууда, мектептен мектепке которууда жана бала бакчага орноштурууда коррупциянын алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Ошондой эле окуучулардын коопсуздук ченемдерин сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.
КР УКМК мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү жоопкерчиликке тартылаарын эскертет!