Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Түштүк Кореянын SEJIN G&E CO., LTD башкармалыгынын өкүлү Ли Кын Ён мырзаны кабыл алды.
Жолугушууда, коноктор Ош шаарындагы таштанды полигонунда органикалык заттардан биогазды, электр энергиясын өндүрүү долбоорун сунушташты.
Мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүлүп келгендигин билдирди.