Ош шаарында “Жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана зомбулук, радикалдуу экстремизмдин алдын алууда алардын туруктуулугун жогорулатуу” биргелешкен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, «Аялзат» аялдардын демилгелүү борборунун өкүлдөрү, социалдык кызматтардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоор Ош шаарынын «Жибек Жолу» МАБында ишке ашырылып, анын максаты төрт коомдук консультациялык түйүндөрдүн (ККТ) зордук-зомбулук, экстремизмди алдын алуу боюнча дараметин жогорулатуу жана жергиликтүү тургундардан түзүлгөн үч максаттуу коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу болгон.
Иш-чаранын алкагында калк менен коомдук консультациялык түйүндөрдүн ишинин жыйынтыктары боюнча презентациялар жана талкуулар болуп, анын ичинде түшүндүрүү иштери, консультацияларды берүү, пикир алмашуулар болду.
Жыйынтыктоочу иш-чаранын алкагында жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барып, жергиликтүү калктын потенциалын жогорулатуу жана зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган саясатты институтташтыруу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетишкендиги белгиленди