Ош шаарынын мэриясынын коомчулукка кайрылуусу
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызматтардын орточо баасын коомдук талкууга чыгаруу тууралуу
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомуна ылайык, көрүстөндөрдө көмүү жайларын 10 жылдык мөөнөткө брондоо тартиби бекитилип, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык келтирүү милдети жүктөлгөн.
Аталган токтомдо көмүү жайларын брондоонун наркы атайын формула боюнча эсептелери белгиленип, анын ичинде адистештирилген кошумча кызматтардын баасы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилиши көрсөтүлгөн.
Ош шаарынын «Жарандарды тейлөө бюросу» МИ тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, 10 жылдык мөөнөткө карата аталган кошумча кызматтардын орточо наркы 193 000 сом деп аныкталды. Бул кызматтардын курамына төмөнкүлөр кирет:
көрүстөн аймагын көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
жашылдандыруу жана бак-дарактарга күтүм көрүү;
суу менен камсыздоо (сугаруу жана техникалык муктаждыктар);
дааратканалардын иштеши, турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу жана башка тиешелүү кызматтар.
Урматтуу шаар тургундары!
Бул маселе түздөн-түз коомчулуктун кызыкчылыгына байланыштуу болгондуктан, көрсөтүлгөн кошумча кызматтардын орточо баасын 193 000 сом өлчөмүндө бекитүү маселесин коомдук талкууга чыгарабыз. Сиздердин ой-пикириңиздер бул чечимдин так, адилет жана негиздүү кабыл алынышы үчүн абдан маанилүү.
Сиздердин пикириңиздер биз үчүн маанилүү!
Бул маселе боюнча ой-пикирлериңиздерди төмөнкү телефон номерлерине кайрылып билдирип коюуңуздарды суранабыз:
+996 557 30 60 30
