Ош шаарындагы борбордук аянтта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн “Көчмөн жолу” ( Путь кочевника ) аталыштагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш болду.
Ага Өзбекстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 80ге жакын байкерлери катышып, шаардын негизги көчөлөрүнөн жүрүш жасашты.
Жыл сайын өтүп келген мото жүрүштүн максаты жол коопсуздугун камсыздоо жана аталган спорттун түрүн жайылтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, иш-чара Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен “Кыргызстан мотоциклисттери” коомдук бирикмеси, “Биргелешкен мотоциклисттер” тобу жана “Байкерлер KG” уюмдар тарабынан уюштурулду.