ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаңылыктар

А.Навои көчөсү менен кесилишкен ички көчөлөр мыйзамсыз курулуштардан бошотулуп, кеңейтилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейддик кыдырууну улантты. Шаар башчысы бул жолу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Х. Мирзакантов,

Подробнее »

Ош шаарында Өзбекстандын белгилүү ырчы жана аткаруучуларынын концерти болуп өттү

Эки боордош элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борбору Өзбекстан Республикасынын «Ватандошлар» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жана жергиликтүү бийликтин

Подробнее »

Кең-Сай жаңы кошунун келечеги каралды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Алымбек-Датка аймактык башкармалыгына караштуу Кең-Сай жаңы конушунда кезектеги көчмө аппараттык жыйынын өткөрдү.

Подробнее »

Унаа тыгынын азайтуу максатында Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартылат

Бүгүн, 3-апрель күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып,

Подробнее »

Ош шаарынын мэри Ж.Ш. Токторбаевдин Орозо айт майрамындагы куттуктоо сөзү

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу Ош шаарынын тургундары! Баарыңыздарды мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн

Подробнее »

Ошто жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында, 2025-жылдын 29-мартында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды ишембиликке чакырабыз!

Подробнее »

Мамыров көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери башталат

Бүгүн 28-мартта, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана долбоордук уюмдардын өкүлдөрү менен Мамыров көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жүргүзүлө

Подробнее »

Нурматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилиши менен каттаган унаа кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Алсак, унаа тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнөн борбордук аянтка карай бара жаткан бардык унааларга гана оңго бурулууга уруксат берилет. Ал жерге тиешелүү жол белгиси орнотулду.

Подробнее »

Таңкы рейд: Абакир уулу Торобек жана Мирсаатов көчөлөрү, Увам каналынын суу коругуна кирген аймагы иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү таңкы кыдыруусу Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Абакир уулу Торобек, Мирсаатов, Н.Исанов көчөлөрүндө болду. Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга Увам

Подробнее »

Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техникаларды сатып алат

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, аппарат жетекчи Адилет Шаршеналы уулу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов баштаган, муниципалдык ишканалардын тиешелүү адистеринен, шаардык кеңеш

Подробнее »

А.Навои эс алуу багындагы, жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери, имараттар боюнча маалымат

1. “8-сентябрь” . А.Навои багындагы 660 чарчы метр жер тилкеси “8-сентябрь” фирмасына 5 жылга ижара шартында берилген. Жер тилке кийин жеке менчикке өтүп кетип, “Кадастр”

Подробнее »

Кулактандыруу!!! Гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Ош шаардык жылуулук электр борбору 24-марттан 28-мартка чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарындагы суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жайларды аныктоо үчүн

Подробнее »

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Административдик кызмат орундарынын улук тобу.   Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим (экономика жана башкаруу); – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат

Подробнее »

Ош шаарынын аймагында ЛЭД-экрандарды орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерине жарнамалык ЛЭД-экран орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт. Сынакка катышуучулар

Подробнее »

Курманжан-Датка көчөсүн жакшыртуу жана жашылдандыруу иштери күчөтүлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таң эрте менен Курманжан-Датка көчөсүнүн абалын текшерди. Ал Навои көчөсүнөн баштап Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына чейинки аймакты кыдырып, буга

Подробнее »

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.