Жаңылыктар

Нурматов көчөсүн ачуу боюнча иштер башталат
Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды. Анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында аталган аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жылы социалдык багытта, санариптештирүү, аймактын

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат
Бүгүн, 31-январда Ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы башталып, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басарлары,


Элдик жыйын: Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын көйгөйлөрү айтылды
Алгач чогулган элге муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы 2024-жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, алдыда аткарылуучу жумуштарды тизмектеди. Суроо-жооп учурунда аймактын жашоочулары коомдук транспорт, эс алуу

Мэр кезектеги көчмө жыйынын Ленин көчөсүндө улантты
Бүгүн, 30-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ленин көчөсүнүн абалын текшерип чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы шаардагы эң узун көчөлөрдүн

Ош: шаар мэринин эл менен жолугушуулары башталды
Бүгүн, 29-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Жыйынга ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын

Курманжан-Датка көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталды
Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейддик кыдыруусунда берилген протоколдук тапшырмасына ылыйык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тротуарлардын боюнда жайгашкан

Ы.Монуев, А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч май куючу жай бузулууда
Ош шаарында эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктүн куруу иштеринин алкагында Ы.Монуев менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “МПА” жана “Red Petroleum” май куючу жайларды алып салуу

Кезектеги рейд Курманжан-Датка көчөсүндө улантылды
Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты. Мында калаа башчысы

Жаңы дайындоо!
Шаршеналы уулу Адилет Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду. Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын

Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын

Мэр: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, көрктөндүрүү иштери шаар боюнча жүргүзүлөт
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Курманжан-Датка көчөсүн кыдырып, абалын көрдү. Шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн

Жаш уландар арасындагы бокс боюнча КРнын чемпионатында Ош шаарынын мушкерлери 9 медаль жеңип алышты
2025-жылдын 18-23-январь күндөрү, Бишкек шаарында (2009- 2010) жылдары туулган улан жигиттер арасындагы чемпионатта төмөнкү боксчулар байгелүү орундарга ээ болушту: 1-орунга Абиджанов Худайберди (48 кг), Акрамов

Мэр шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Ош шаарынын курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Калаа башчысы

Ош шаарында блокададагы Ленинграддын бошотулгандыгынын 81 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын

Шаардагы аймактык башкармалыктарга жаңы техникалар тапшырылды
Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында демөөрчүлөр тарабынан алынып, шаар балансына өткөрүлүп берилген жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземи болду. Тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри

А. Масалиев көчөсүндө кызыл сызыка чыгып кеткен курулуштарды алып салуу иштери башталат
Бүгүн 27-январь күнү таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А. Масалиев көчөсүн кыдырып чыгышты. Мэр тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан

Ош шаарынын мэри Ахматбек Сүюмбаев атындагы стадионду көрдү
ЖеңишбекТокторбаев стадиондо жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана футболчулар үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып чыкты. Шаар башчысы тарабынан оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүү

Ош шаарынын мэри жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну тапшырды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, шаардын жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жолдорду кеңейтүү жана