Ош шаарынын тургундарынын арасында 2-августтан тарта (16-августка чейин) АИВ-инфекциясын алдын алуу, 23-65 жаштагы жарандарды гемоконтакттык вирустук гепатиттерден эмдөө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу баракчасын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык өнөктүк өтүүдө.
Бүгүн, аталган иш-чара “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана АИВти көзөмөлдөө борборунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.
📍Иш-чаранын алкагында гепатитке каршы профилактикалык эмдөөдөн өтүү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу зарылчылыгы тууралуу айтылып, калоочулар үчүн АИВке акысыз экспресс-тестирлөө өткөрүлдү.