Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу менен таанышып чыкты.
Эске салсак, бир күн мурун бул долбоорду ишке ашырып жаткан кытайлык “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон.
Анын жүрүшүндө Ош шаарында инвестициялык кызматташуунун алкагында таштандыларды жагуу жолу менен электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланган.