Боордош шаарлар
Үрүмчү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу району, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2013-жылдын 9-мартында, ал эми келишимге 2015-жылдын 25-июлунда кол коюлган (Ош шаары).
Синин, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Синин шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2014-жылдын 9-декабрында, ал эми келишимге 2016-жылдын 2-августунда кол коюлган (Ош шаары).
Ланьчжоу, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2015-жылдын 18-июнунда, ал эми келишимге 2015-жылдын 4-августунда кол коюлган (Ош шаары).
Фошань, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2015-жылдын 4-августунда кол коюлган (Ош шаары).
Сиань, Шэньси провинциясы, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Шеньсинь провинциясы ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2015-жылдын 25-сентябрында кол коюлган.(Сиань шаары).
Шицячжуань, Хэебей провинциясы, Кытай Эл Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү ниети жөнүндө протоколго 2019-жылдын 2-майында (Ош шаары), ал эми келишимге 2019-жылдын 13-июнунда кол коюлган (Бишкек шаары).
Далянь, Кытай Эл Республикасы
Ош шаары менен Далянь шаарларынын ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине 2023-жылдын 14-июнунда кол коюлган (Далянь шаары).
Новосибирск, Россия Федерациясы
Россия Федерациясынын Новосибирск жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге 2009-жылдын 27-июнунда кол коюлган.
Новосибирск шаарынын мэриясы менен Ош шаарынын мэриясынын ортосунда экономика, өнөр жай, соода, маданият жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишимге 2009-жылдын 4-июнунда кол коюлган.
Новосибирск шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен Ош шаарынын мэриясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна 2008-жылынын 23-декабрында кол коюлган. Ал эми шаарлар ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө келишимге 2014-жылдын 28-июнунда кол коюлган.
Ош шаарынын мэриясы менен Новосибирск шаарынын мэриясынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча шаарлар аралык комиссиясын түзүү жөнүндө протоколго 2016-жылдын 10-майында кол коюлган. Шаарлар аралык комиссиянын 2017-2020-жылдарга иш программасын бекитүү тууралуу протоколго 2017-жылдын 24-июнунда кол коюлган.
Санкт-Петербург, Россия Федерациясы
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге 2004-жылдын 20-февралында кол коюлган.
Эки шаар ортосундагы 2013-2016-жылдарга кызматташуу программасын бекитүү жөнүндө протоколго 2013-жылдын 23-октябрында кол коюлган.
Ярославль, Россия Федерациясы
Эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча протоколго 2018-жылдын 17-апрелинде кол коюлган.
Ростов-на-Дону, Россия Федерациясы
Ростов-на-Дону жана Ош шаарларынын ортосундагы достук жана кызматташтык ниети жөнүндө протоколго 2022-жылдын 16-сентябрында кол коюлган.
Стамбул, Түркия
Стамбул менен Ош шаарлары ортосундагы боордош шаарлар жөнүндө алгачкы протоколго Ош шаарында 1997-жылдын 20-октябрында, ал эми экинчи протоколго 1998-жылдын 10-августунда Стамбулда кол коюлган.
Маниса, Түркия
Кыргыз Республикасынын Ош шаардык мамлекеттик администрациясы менен Түркия Республикасынын Маниса шаарынын акимчилигинин ортосундагы Ош жана Маниса шаарларынын ортосунда достук, бир туугандык жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө келишимге 1997-жылдын 15-майында кол коюлган (Ош шаары).
Йозгат, Түркия
Боордош шаарлар менен мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө келишимге 2012-жылдын 2-ноябрында кол коюлган.
Амасья, Түркия
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Түркия Республикасынын Амасия шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган.
Самсун, Түркия
Боордош шаарлар мамилелерин өнүктүрүү ниети жөнүндө протоколго 2015-жылдын 3-декабрында кол коюлган (Самсун шаары).
Сакарья, Түркия
Боордош шаарлар мамилелерин өнүктүрүү ниети жөнүндө протоколго 2019-жылдын 19-июнунда кол коюлган.
Сафранболу, Түркия
Боордош шаарлар мамилелерин өнүктүрүү ниети жөнүндө протоколго 2019-жылдын 16-октябрында кол коюлган.
Худжанд, Тажикстан
Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Тажикстан Республикасынын Ленинабад облусунун Худжанд шаарларын бир туугандаштыруу жөнүндө келишимге 2000-жылдын 3-июнунда кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы менен Тажикстан Республикасынын Жыргатал районунун мэриясынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге 2006-жылдын 25-сентябрында кол коюлган.
Тараз, Казакстан
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимге 2016-жылдын 16-июнунда Тараз шаарында кол коюлган.
Чымкент, Казакстан
Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Казакстан Республикасынын Чымкент шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө меморандумга 2023-жылдын 22-сентябрында кол коюлган (Тараз шаары).
Асан, Корея
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы менен Корея Республикасынын Чхунчхон-Намдо провинциясынын Асан шаарынын мэриясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимге 2009-жылдын 20-мартында кол коюлган (Асан шаары).
Каракол, Кыргызская Республикасы
Кыргыз Республикасынын Ош жана Каракол шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимге 2013-жылдын 5-октябрында кол коюлган.
Чолпон-Ата, Кыргызская Республикасы
Ош жана Чолпон-Ата шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимге 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган (Ош шаары).
Анжиан, Өзбекстан Республикасы
Ош шаарынын мэриясы менен Анжиан шаарынын акимчилигинин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу жөнүндө келишимге 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2016-жылдын 1-октябрында Анжиан шаарында кол коюлган.