Жаштар
Жаштар үчүн долбоорлор
Маалымат алуу үчүн:
+996 708 003 040
Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин жетектөөчү адиси Турганбаев Амангелди
1. Жаштар парламенти
2. Жаш таалим клубу
3. Компьютердик сабаттуулук курсу
4. Ийгилик мектеби
5. Жаш дипломаттар клубу
6. Сүйлөө чеберчилиги курсу
7. Кыздар кеңеши
8. Дебат клубу
Акысыз тил курстары
Маалымат алуу үчүн: +996 559 006 603
Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгынын башчсынын орун басары: Назар Келдибаев
Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгынын алдында жыл сайын чет тилдерин (англис, немис, орус, түрк, корей тилдерин) үйрөтүү боюнча курстар уюштурулуп турат.
Кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү
Маалымат алуу үчүн: +996 559 006 603
Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгынын башчсынын орун басары: Назар Келдибаев
Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан тиешелүү кызматтар жана ведомстволор менен биргеликте жаштар үчүн кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу пландалууда. Анын ичинде компьютердик сабаттуулук, IT-технологиялар, графикалык дизайн, фотомектеп, тигүүчүлүк чеберчилиги, кулинария, мобилография ж.б. боюнча курстарды өткөрүү каралган.
Активдүү жана сергек жашоого умтулган жаштар
кайрылышса болот:
+996 552 646 322
Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысынын орун басары Мурат Омошов
Жыл сайын Ош шаарындагы бардык масштабдуу иш-чараларга орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери активдүү катышат.
Ыктыярчылардын катарына кошулган ар бир жаш жаран Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде тиешелүү инструкциялардан өтүп, шаардын жана жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда.
Шаардыктарды активдүү спортко жана сергек жашоого тартуу максатында жыл сайын жаз мезгилинен күзгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында эртең мененки дене тарбия боюнча көнүгүүлөр өткөрүлөт.