Сулайман-Тоосу
Сулайман-Тоо Ош шаарынын ортосунан орун алган. Айланасында окуу жайлар, китепкана, сейил бактар, үйлөр, базарлар бар.
Оштун ортосунан орун алган Сулайман-Тоо шаарга келгендердин көңүлүн бурбай койбойт. Чыгыштан батышка карай жайгашкан тоонун узундугу 1140 метрдей, ал эми туурасы болжолдуу 560 метр. Тоонун беш чокусунун эң бийиги 1175 метр болсо, эң кичинеси 1110 метрдей.
Сулайман-Тоонун аймагында бир нече үңкүрлөр, петроглифтер, эки музей, эки мечит, бир күмбөз, бир катар сыйынуучу жайлар жана 14-кылымдарга таандык мончо бар. Тоонун күнгөй тарабынын баары көрүстөн болуп саналат.
Чыгыш тарабындагы чокуда болсо Бабурдун үйү деп аталып калган бөлмө же өжөрө жайгашкан. Анын өз аталышы Ак үй экени айтылып келет.
Тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине 2009-жылы киргизилген жана бул Кыргызстандын атынан катталган алгачкы тарыхый жай болуп калган.
Борбордук базар
Ош шаарынын борбордук базары эң байыркы соода жайлардын бири. Эки миң жылдан ашуун убактан бери орду алмаштырылбай иштеп келет.
Соода жай Жибек Жолунун заманынан бери сакталып калган Кыргызстандын территориясындагы эң байыркы базар болуп саналат.
Бүгүнкү күндөрү Кыргызстандын эң ири базары. Ак-бууранын сол тарабында жайгашкан базардын узундугу 2 чакырым.
Бул жерге Кыргызстан, Өзбекстандан келген соодагерлер агылып келип, нукура чыгыш тамак-аштарын, кийим-кечелерин, тиричилик буюмдарын жана жыпар жыттуу татымалдарды сатышат.
Ошол эле учурда кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган ар кандай жасалгалар, сайма, кийиз-шырдактар, деликатестерге, арзан сезондук жемиштерге толуп жаткан тамак-аш күркөлөрү өзгөчө кызыгууну жаратат.
Базар жума бою ачык болот.
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музейи
Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири. Кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат. Анда 33 миңден ашуун музей фондунун экспонаттары топтолгон. Алардын 6694ү археологиялык, 3702си этнографиялык мурастар, 19852си документтер жана сүрөттөр, 1196сы кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикалар.
Экспозициянын тарыхый бөлүмү адамзат коомунун өнүгүүсүндө эң узакка созулган таш доорунан баштап, Түштүк Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырат.
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси маданий тармактагы маанилүү обьект катары Кыргызстан эле эмес, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерине чейин белгилүү.
Анын башаты 1929-жылдын ноябрь айынан башталат. 1949-жылы 15-майда бул чакан музей областтык край таануу музейинин статусун алган. 1950-жылы 1-декабрда жалпы аянты 27 чарчы метрди түзгөн 4 залы ачылган. Ал 1964-жылы ХVI-ХVII кылымдарга таандык болгон Рабат Абдуллахан мечитине көчүрүлгөн.
1975-жылы эскпозициялык залы бар административдик корпустун курулуш аяктаган. 1978-жылы областык край таануу музейи областык тарыхый-маданий музейи болуп кайра түзүлүп, Сулайман тоосундагы үңкүр музей анын карамагына берилген. Кыргыз элинин маданияты, материалдык-техникалык тарыхый эстеликтер, революция реликвиялары, нумизматика, эпиграфика ж. б. бөлүмдөр ачылып, музейдин эскпозициясы кеңейтилген.
1982-жылы музей областык тарыхый-маданий корук музейи деп аталып, анын курамына Рабат Абдуллахан мечити, Асаф-ибн-Бурхия мавзолейи, Өзгөн шаарындагы архитектуралук комплекс, Ноокат районунун борборундагы тарых жана кыргыздын кырааны кызы У.Салиеванын музейи киргизилген. 2000-жылы 4-октябрда Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөө алдында Сулайман тоонун этегине курулган анынатайын типтеги жаңы имараты пайдаланууга берилген. Анын экспозициясы 2 бөлүмдөн туруп, 1100 чарчы метрди түзөт.
Руханий маданият музейи
Кыргызстандагы жалгыз залдары тоодогу үңкүрлөр комплексинде жайгашкан музей.
Экспозицияда Кыргызстандын түштүгүндө 3000 жылдан бери жашап келген диндер жана ишенимдер көрсөтүлгөн.
Кыргыз элинин исламга чейинки ишенимдеринин маданияты ачык чагылдырылган
Ош шаары, Сулайман-Тоосунун түштүк капталы,
Рушан-Уңкур
Көркөм өнөр музейи
Музей 1935-жылдын 1-январында негизделген.
Негизин Третьяков галереясынан жана Эрмитаждан тандалып келген орустун 72 сүрөтчүсүнүн чыгармалары түзгөн. Бирок, эң башкысы, музейде советтик жана заманбап Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун чыгармалары жана ошондой эле кыргыз элинин салттык көркөм жана кол өнөр искусствосунун жандуу үлгүлөрү көрүүчүлөрдүн назарына коюлган.
Экспонаттарды көрүп отуруп, кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүү жана профессионалдуу көркөм өнөр искусствосунун улуттук багытынын пайда болуу этаптарын баамдоого болот.
Музейдеги белгилүү чыгармалардын авторлорунан Г. Айтиевди, С. Чуйковду, С. Акылбековду, Л. Ильинаны, Т. Садыковду, Т. Герценди и ж.б. белгилей кетүү керек.
Бүгүнкү күндө музейдин көргөзмөсүндө 18 миңдей экспонат бар жана ал системалык түрдө Кыргызстандык искусство адамдарынын чыгармалары менен толукталып келет.
Ак-Буура конушу
Араб дооруна чейинки (б.з.ч III-к. – б.з VIII-к.) тарыхый эстелик.
Конуш Оштун түштүк четинде жайгашкан жана Ош чөлкөмүнүн эң байыркы коргонуу чептеринин бири болгон.
Ал цитадель, шахристан жана рабаттан турат. Коргонуучу дубалдарынын жана мунараларынын элементтери сакталып калган.
Ош шаары, түштүк бөлүгү
Ак-Бууранын сол өйүзү
Рават Абдуллахан Мечити
Ош шаарында сакталып калган мечиттеринин эң байыркысы.
Шейбаниддердин династиясынан чыккан Абдуллахан II (1534-1598 жж.) атын архитектуралык эстеликтин артында элдик уламыштарга байлап келишкен.
XI-XII-кк. фундаментинде курулган жана Бобурдун XV-к. кол жазмаларында Масжид-и-Джауза деп айтылган.
1990-ж. кайракалыбына келтирилген эстелик мечит катары иштетилет.
Кол өнөрчүлөр көч.,
Сулайман-Тоонун түндүк-чыгыш этеги
Асаф ибн Бурхия мавзолейи
XVIII-к. калган мечит жана мавзолейди камтыган Асаф ибн Бурхия комплексинин бир бөлүгү.
Асаф ибн Барахий аттуу Соломон визиринин атына коюлган.
Элдик уламыштар боюнча ал керээзинде денеси ушул тоонун этегинде коюлушун айткан.
Күзбөздүн азыркы имараты ферганалык архитектура-курулуш салттарында XVIII-XIX-кк. курулган.
Мавзолейдин узун бир тарыхы бар, тамыры XI-кк. чейин созулган.
Ош шаары,
Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этеги
Михайло-Архангел чиркөөсү
Оштогу жалгыз орус православ архитектурасынын эстелиги.
Иштеп жаткан чиркөө.
Курманжан Датка көчөcү.
Гарнизон чеби
XIX-к. 80-ж. Орус империясы тарабынан жергиликтүү бийликтен сатып алынган Ош шаарынын түштүк четиндеги жерлерде шаардын жаңы, европалык бөлүгү курулуп баштайт.
Биринчи кезекте гарнизондук чеби тургузулат.Биринчи дүйнөлүк согуш маалында чептин аймагында кызмат өтүп жаткан аскерлерден сырткары австро-венгриянын армиясынын туткундары кармалган.
ХХ-к. 20-жж. чепте жарандык согуш мезгилинин көрүнүктүү аскер башчысы М.В. Фрунзе чыгып сүйлөгөн. Казармалардын биринин дубалында 1943-жж. И.В. Сталиндин буйругу чегилген жазуу сакталып калган.
1978-ж. андан Ооганстандагы советтердин чектелген контингентине кирген ССРдин биринчи батальону жөнөтүлгөн.
Чеп планын, кээ бир казармаларда баштапкы интерьерин да сактап калган: казарманы ысытуучу чоң мештер. Камыш менен капталган шып да сакталып калган.
Аматова көч. (мурунку Ломоносов)/Курманжан Датка көч.
Борбордук аянт жана В.И.Лениндин эстелиги
Шаардын административдик борбору.
Оштун эң узун көчөсү – Ленин көчөсүндө жайгашкан.
Аянттын негизги кызыктуу нерсеси В.И. Лениндин эстелиги. Лениндин фигурасы Санкт-Петербург шаарында (Ленинград) “Монумент-скульптура” заводунда колодон куюлуп, Ошко бөлүп жеткирилген. Эстеликтин пьедесталы Украинадагы Капустьяновский кенинен чыккан гранит менен капталган.
Планда стилобаттын аянты 30х40 м, бийиктиги 3м, постамент – 8метр, фигура – 12 метр. Эстеликтин жалпы бийиктиги 23 метр.
Белгилей кетчү нерсе, КМШ өлкөлөрүндөгү демократиялашуу доорунда демонтаждалбаган Лениндин жалгыз эстелиги, анда дагы шаардын борбордук аянтын кооздоп турат.
Ленин көчөсү.
Токтогул Сатылганов атындагы маданият жана эс алуу паркы
Оштун тарыхындагы биринчи парк.
Аны шаардык Думанын депутаты, шаардык фельдшер, врач Н.Н. Кондратьевдин жетекчилиги астында орус келгиндер куруп башташкан.
Парктын аянты 12 гектар, 20дан ашык бактардын түрү өсөт.
1939-жылдан бери кыргыз төкмө акыны Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүрөт.
2019-ж. парк реконструкцияланган жана бүгүн Ош шаарынын тургундары менен конокторунун сүйүктүү эс алуу жайы.
Ош шаары, Ленин көчөсү/Нурматов көчөсү.
Курманжан Датканын эстелиги
Курманжан Датка XIX-к. аягындагы – ХХ-к. башындагы көрүнүктүү саясий ишмер.
Кокон хандыгынын тарыхындагы датка – башкаруучу наамын алган жалгыз аял.
Ал Алайдын башкаруучусу болгон. Кокон хандыгы кулап, түштүк кыргыз жерлери Россия империясына кошулгандан кийин да бул наамын сактап калган.
Алай кыргыздары менен Россия империясынын ортосундагы тынчтык мамилелердин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал орус өкмөтүнүн сый-урматына ээ болгон.
Императордун жеке алтын сааты жана өмүр бою берилүүчү мамлекеттик пенсиясы менен сыйланган.