Тарых
Ош – Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы шаарлардын бири. Өзүнүн тарыхый географиялык жактан маанилүү жерде жайгашкандыгына байланыштуу байыртадан эле континенттер аралык байыркы Улуу жибек жолунун чордонунан орун алган.
Ош шаары болжолу менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин, 1876-жылы шаар деген расмий макамды алган.
1939-жылдан бери Ош облусунун административдик борбору болуп саналат. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу. Сулайман тоонун так жана толук аталышы – “Сулайман тактысы”. Шаардын чок ортосунда жайгашып, экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар. Калаанын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштуулар да бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенинде “хош” (түрк тилинде “кооз, сонун”) шаар деп баалагандыгы, ошондон улам кыргызчаланып Ош деп аталып калганы айтылат.
Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу жибек жолунун ири соода борбору болгон. 8–10-кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан.
Калктын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турат. Расмий саны – 366 000. Калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашуун. Шаарга 13 айыл баш иет.
Ош шаары 2000-жылдын 4-октябрында ошол кездеги президенттин атайын буйругу менен”Данакер” Мамлекеттик сыйлыгына (орденге) ээ болгон.
Ош шаарында өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашашат. Шаар 8-кылымда Улуу жибек жолунун боюнда жибек өндүрүү борбору катары белгилүү болгон жана б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган.
Боордош шаарлар: Орусиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары.