ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Акаев Жанарбек Кубанычович

1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн.

2009-жылы Ош мамлекеттик университетин “Журналистика” адистиги боюнча, 2018-жылы “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун “Азаттык Медиа” мекемесинде журналист жана мультимедиа продюсер болуп баштаган. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында Президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген.

2015–2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон. 2021–2026-жылдары Жогорку Кеңеште депутаттык ишин уланткан.

2026-жылдын 19-февралынан тартып Ош шаарынын мэри кызматын аркалоодо.

Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана “Акыйкат” медалы менен сыйланган.

Торобаев Оморбек Тилепалдиевич

1978-жылдын 9-ноябрында Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн.

2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Ош шаардык “Жылуулук менен камсыздоо” ишканасында бухгалтер болуп баштаган. 2007-жылдан тартып салык органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп, Араван, Өзгөн, Ноокат райондорунун мамлекеттик салык кызматтарынын жетекчиси болгон.

2022-2024-жылдары ири салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыктарды жетектеген. 2025-жылы Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын жетектеген.

2026-жылдын 23-февралынан тартып Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматында эмгектенүүдө.

Салык кызматындагы эмгеги үчүн “Салык кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Пайзиев Шумкарбек Маматшакирович

1986-жылдын 28-августунда Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн.

2009-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтун “Уюмду башкаруу” адистиги боюнча, 2021-жылы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжин, 2024-жылы Ош технологиялык университетин “Курулуш” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Алай райондук мамлекеттик администрациясында баштаган. 2016-жылдан тартып Ош шаарынын мэриясында шаар куруу жана муниципалдык менчик багытында иштеген.

2018–2022-жылдары Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 2022–2025-жылдары башкармалыктын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2026-жылдын 19-февралынан тартып Ош шаарынын мэринин орун басары кызматында эмгектенүүдө.

Айдарбекова Масуда Апсаматовна

1977-жылдын 12-декабрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда төрөлгөн.

2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “Тарых” адистиги боюнча, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын “Менеджмент” адистиги боюнча магистр даражасы менен аяктаган.

Эмгек жолун билим берүү тармагында мугалим болуп баштаган. 2008-2009-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында, 2010-жылдан тартып Ош шаарынын мэриясында ар түрдүү жетекчилик жана жооптуу кызматтарда эмгектенген.

2021-2022-жылдары Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген. 2022–2025-жылдары Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2025-2026-жылдары Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалаган.

2026-жылдын 19-февралынан тартып Ош шаарынын мэринин орун басары кызматында эмгектенүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарына ээ болгон.

Толтоев Эрнис Мукашбекович

1986-жылдын 15-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн.

2009-жылы Ош мамлекеттик университетин “Электроника жана микроэлектроника” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Ош шаарынын мэриясында баштаган. Кийин Ош облусунун мамлекеттик администрациясында ар түрдүү жооптуу кызматтарда, анын ичинде жардамчы жана башкы адис кызматтарында иштеген.

2013-2016-жылдары Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы, 2016–2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Президенттин Аппаратында жооптуу кызматтарда эмгектенген.

2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.

2026-жылдын 24-февралынан тартып Ош шаарынын мэринин орун басары кызматында эмгектенүүдө.

Осмоналиев Мыктыбек Осмоналиевич

1993-жылдын 26-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

2016-жылы экономика багыты боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун жеке сектордо аудитордун ассистенти жана бухгалтер болуп баштаган. 2015–2020-жылдары аналитик жана бизнес-өнүктүрүү тармагында эксперт болуп иштеген.

2021–2025-жылдары «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын түштүк аймактык филиалын жетектеп, кийин компаниянын департамент директору кызматын аркалаган.

2025–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин алдында түштүк аймактар боюнча аймактык инвестициялык кеңештин координатор-жетекчиси болгон.

2026-жылдын 25-февралынан тартып Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматында эмгектенүүдө.