Электрондук кабылдама
Урматтуу жарандар!
Электрондук кат аркылуу Ош шаарынын мэринин дарегине кайрылган жарандарды кабыл алуу тартиби менен жакшылап таанышып чыгууңуздарды өтүнөбүз.
- Төмөндөгүдөй мазмундагы кайрылуулар кабыл алынбайт:
- Ош шаарынын мэриясынын компетентүүлүгүнө тиешеси жок маселелер;
- ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
- белгиленген тартипте талап кылынган күбөлөндүрүүчү реквизиттердин (кол тамгасы, мөөр ж.б.) болушун талап кылган маселелер;
- Жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтү:
Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келген мөөнөтүнөн тартып, катталган күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. - Кайрылууларга жооп каттар жарандын анкетада көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт. Анкетага такталбаган жана туура эмес маалыматтар киргизилген болсо, кайрылууга жооп берилбейт.
- Электрондук түрдө кайрылуу жөнөткөн жарандардын жеке өздүгү тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Мыйзамынын талаптарын кароо менен иштетилет жана сакталат.
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы.