“Бавария” жайкы кафеси бузулууда

Ош шаарынынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына, келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү жана С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан “Бавария” жайкы кафесинин ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды. Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга […]
Жер мунапысы боюнча келип түшкөн арыздар канаттандырылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун төрагалыгы астында жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Күн тартибинде келип түшкөн арыздардын тизмесин добушка коюу, кайрылган 88 жарандын тизмесин бекитүү жөнүндө сунуш каралды. Комиссиянын кароосуна жыл ичинде жалпы 1999 арыз келип түшкөнү айтылып, жалпы маалымат берилди. Мында жыл жыйынтыгы менен 844 жаранга жер тилкеси […]
Административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү. Мында иш-чаралардын планын түзүү, сунуштарды берүү, кошулган аймактар боюнча ар бир тармак өзүнө таандык болгон маселелерди карап чыгып, сунуш киргизүү боюнча мөөнөттөр белгиленип берилди.
Муниципалдык жер тилкелер ижарага берилет

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс өткөрүү жолу менен берүү үчүн коюлуучу ЛОТтор: Лот№ Жердин дареги Максаты, мөөнөтү Аянтычарчы метр Старттык баасы (сом) 1. Ош шаарынын №1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ишматов көчөсүндөгү № 2Б/2 турак үйдүн батыш тарабында жайгашкан жер тилкеси Үч жылдык мөөнөткө, жашылдандыруу үчүн эч кандай курулуш […]
Таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, […]
Унаа жуучу жай бузулууда

Ош шаарынын Анар кичи районундагы мыйзамсыз автоунаа жуучу жай бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулууда.
“Ден соолугу чың адам-өнүккөн өлкө жөнүндө” программасынын жаңы редакциясы талкууланды

Талкууга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык жана Ош облусттук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Жыйында аталган программанын алгачкы 5 жылдыгынын жыйынтыгы, жетишкендиктер жана кемчилдиктер талкууланып, аны аткарууда кошумча практика жүзүндө пайда болгон көйгөйлөрдү, сунуштарды эске алуу менен программанын жаңы редакциясын кабыл алуу сунушталды. Ошондой эле жаңы программага Ош шаарындагы […]
Ош: мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда

Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы айдоочуларды жумушка чакырат

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу, «D» категориясындагы айдоочуларды жумушка чакырат. Талап: 21ден 60 жашка чейин. Байланыш үчүн номерлер: +996 500 040 664; +996 553 407 046; +996 224 088 585.
“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү

“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү! Буга чейин аталган кафе ижара шартында муниципалдык жер тилкесин иштетип келген.