Ош: мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда

Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы айдоочуларды жумушка чакырат

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу, «D» категориясындагы айдоочуларды жумушка чакырат. Талап: 21ден 60 жашка чейин. Байланыш үчүн номерлер: +996 500 040 664; +996 553 407 046; +996 224 088 585.
“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү

“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү! Буга чейин аталган кафе ижара шартында муниципалдык жер тилкесин иштетип келген.
Орусия азык-түлүк программасынын алкагында байытылган ун жеткирди

Бүгүн, Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Орусия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди. Өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4600дөй адамга азык-түлүк (байытылган ун, өсүмдүк май) таратылат. Орусия Федерациясы БУУнун азык-түлүк программасын колдоого алган (ВПП ООН) Кыргызстандагы эң ири донор. Акыркы 10 жылдан бери […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2024 -жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бүгүн эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Албетте, жыл тогошоор мезгилде жыл ичинде аткарылган жумуштарды жана жетишкендиктерди карап, шаарыбызды өнүктүрүү үчүн бир топ максаттарды алдыга коюп жатабыз. Узап бараткан жыл маанилүү жана маңыздуу […]
Ош: жаңы жылдык кече өзгөчө шаң менен өтүүдө

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду. Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары тарабынан ыр күүлөр тартууланды.
Ош: борбордук аянттагы майрамдык шаң

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна “Келечек” балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда. Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү башкармалыгы да майрамдык программа даярдаган. Майрамдык маданий иш чара саат 23:00гө чейин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №2 троллейбустук каттам эртең 31-декабрь күнү саат 10:00дөн тарта 1-январь саат 01:00гө чейин, ал эми автобустардын кыймылы саат 20:00дөн баштап, 01:00гө чейин төмөнкү багыттар боюнча каттайт: – Борбордук аянт – Кулатов кичи району ( Западный); – Борбордук аянт – Манас-Ата кичи району (ХБК).
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Эртең 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында саат 12:00дөн 23:00гө чейин жаңы жылдык оюн-зоок, концерттик программа болот. Майрамдык программанын алкагында жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга жана шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашат. Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын, «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун, шаардын музыкалык окуу жайларынын, театр ишмерлеринин жана студенттердин катышуусунда өтөт. […]
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети бир катар адистештирилген мекемелерден кабар алды

Бүгүн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров жана кызматкерлери Оштогу “Боорукердик” үй-интернаты, “Лотос” жана “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнөн кабар алышты. Анын алкагында карыяларга жана балдарга кышкыга жылуу кийим-кече, жаңы жылдык татууларды, белектерди тапшырышты.