Г.Айтиев көчөсүндө жаңы сквер курулат

Төлөйкөн кичи шаарчасында Гапар Айтиев көчөсүн бойлой жаңы сквер пайда болот. Бул тууралуу бүгүн эртең мененки рейд учурунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга зарыл болгон жумуштарды баштоону тапшырган. Белгилей кетсек аталган иш-аракеттер шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көрүлүүдө.
А.Навои көчөсүнүн жолу кеңейтилип, сырткы көрүнүшү жакшырат

Бүгүн, 22-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А. Навои жана Г. Айтиев көчөлөрүн кыдырды. Шаар башчысы жеринде тиешелүү кызмат жетекчилерине аталган көчөлөрдүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо менен бирге, жаңы дизайн кодун иштеп чыгууну, жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Жеңишбек Токторбаев жылуулук берүүчү жаңы заманбап ишканын долбоору менен жеринде таанышты

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу менен таанышып чыкты. Эске салсак, бир күн мурун бул долбоорду ишке ашырып жаткан кытайлык “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө Ош шаарында инвестициялык кызматташуунун алкагында таштандыларды жагуу жолу […]
Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын прокуратурасында балдарга карата ырайымсыз мамилени, зомбулукту болтурбоо жана балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев, Ош шаарынын билим берүү, Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, мектеп директорлору, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкерлери катышты. Иш-чаранын […]
И.Раззаков көчөсүндө тротуар салына баштады

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин күнүмдүк рейддик кыдыруусунда берилген тапшырмасына ылайык, Исхак Раззаков көчөсүндө туурасы 3 метр, жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык аралыктагы тротуарды куруу иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы буга чейин тиешелүү кызматтарга аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз тосмолорду, курулуштар алып салуу менен бирге, тротуарларды куруу боюнча тапшырмаларын койгон. Эскерте кетсек жолдун бул тарабында […]
Ош шаарындагы мектептерде окуучулар арасында рекетти, буллингди жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ОшШИИБнин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү жана шаардык мектептердин директорлору, социалдык педагогдор катышышты. Жыйында түшкөн суроо, сунуштардын негизинде: -Ош шаарынын аймагындагы орто мектептерде ата-энелер комитеттери менен биргеликте, окуучулар арасында мектептеги рекетти, буллингди жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу […]
Шылуундарга алданып калбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаарынын мэриясында бүгүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте шылуундарга алданып калбоо боюнча жыйын өтүп, анын жүрүшүндө алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, акыркы учурда ар кандай жеңилдетилген насыялар, акциялар жана криптовалюта (MCN Coin) сатып алуу сыяктуу алдамчылык схемалары көбөйүп жаткандыгы, айрым шылуундар белгилүү саясатчылардын жана мамлекеттик кызматкерлердин ысымдарын […]
Ак-Буура жээгиндеги жогорку окуу жайлар тар-нан тосулган тротуарларды ачуу боюнча көчмө жыйын өттү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү жана жогорку окуу жайлар тарабынан тосуп алынган тротуарларды ачуу маселеси боюнча жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Ак буура жээгиндеги суу коругуна салынып кеткен жеке турак үйлөрдү, тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, соода түйүндөрдү мыйзам […]
Таңкы рейд: Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында (Юго-Восток кичи району) жаңы жашыл аянттар түзүлөт

Бүгүн, 17-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Н.Исанов көчөсүн кыдырып чыкты. Шаар башчысы Н.Исанов көчөсүнүн эки тарабын таштандылардан тазалоо жана шаар тургундарынын эс алуусу үчүн жашыл аянттарды түзүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуп алып салуу, жашыл аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды койду. Ошондой эле бул аймакта жайгашкан жеке медициналык […]
Эрте мененки рейд: Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрү иреттелет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге болгон кыдыруусу Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрүндө уланды. Шаар башчысы ички көчөлөрдү иретке келтирүү боюнча шаар тургундарынан үзгүлтүксүз кайрылуулар келип жатканын билдирди. Анын негизинде ири жолдорду унаа тыгынынан жеңилдетүү максатында аталган көчөлөрдү кеңейтүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен, эскилиги жетип, шаардын сырткы көрүнүшүн бузган мыйзамсыз курулуштарды алып […]