Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

“Эне-Сай” конушуна 13 үй-бүлө көчүрүлдү. Бүгүн жолдорду кеңейтүү иштеринин алкагында үйлөрү бузулган жарандарга “Эне-Сай” конушунан жаңы турак жайлардын ачкычтары тапшырылды. Шаар башчысы Жанарбек Акаев жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып, жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөткөн тургундарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мэр жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР Президентинин колдоосу менен конушта […]
Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

Бүгүн 22-октябрь күнү, Ош шаарынын мэриясында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планын иштеп чыгуу алкагында кызыкдар тараптардын жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда энергетика, имараттар, суу ресурстары жана транспорт тармактары боюнча тиешелүү сунуштар каралып, энергетика объекттеринин энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, имараттарды жылуулоо чаралары, таза суу менен камсыздоо жана дренаж […]
Кулактандыруу!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин конкурс аркылуу убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча конкурс өткөрүлөрүн жарыялайт. Конкурска коюлуучу объекттер: Ош шаарынын Сүрөт-Таш конушундагы И. Маккамбаев жана № 28 көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабында жайгашкан муниципалдык жер тилкеси. • Жер тилкесинин аянты – 60,0 м². • Пайдалануу багыты – жеңил типтеги конструкциядан соода […]
Кулактандыруу! Аукцион!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жарнамалык LED-экрандарды орнотуу максатында муниципалдык жер тилкелерин убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Аукционго коюлуучу объекттер: 1. Ош шаарынын С. Вахапов көчөсүндө, көпүрө тарапта жайгашкан жер тилкеси. Жер тилкесинин аянты – 2,0 м², LED-экрандын аянты – 11,51 м². Старттык баасы – 84 552 сом/жыл. 2. Ош […]
ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Видеоролик шайлоочуларды «Шайлоочунун кабинети» менен тааныштырып, керектүү шайлоо кызматтарын онлайн алуу жолдорун түшүндүрөт.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык абалын жакшыртуу жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Аталган иштер Ош шаардык мэриясынын 50/50 кош каржылоо долбоорунун алкагында, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен биргеликте ишке ашырылууда. 2025-жылы 6 көп кабаттуу үйдүн чатыры жаңыланса, 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 11 үйгө жетип, […]
Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында залкар акын, жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган “Өчпөс из, өлбөс сөз” аттуу эскерүү кечеси өттү. Иш-чаранын алкагында акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көргөзмө уюштурулуп, видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы “Жаштар” театрынын “Акын жана убакыт” аттуу сахналаштырылган көрүнүшү тартууланып, акындын ырлары […]
ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

Видеоролик шайлоо процессиндеги байкоочунун ролу, укуктары, милдеттери жана шайлоого байкоо жүргүзүүнүн негизги эрежелери жөнүндө маалымат берет.
Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Ош шаарындагы негизги жолдордун бири — Алымбек датка көчөсү белгиленген 10 күндүн ордуна бир жумада жаңыланып, пайдаланууга берилди. Көчөнүн эки тарабында унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жол чийиндери чийилди. Шаар мэри мындан аркы жол куруу иштерин да тез жана сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды. https://www.facebook.com/share/v/18tUWAt7Wy/
Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. Кабыл алууда жарандар ички жолдордун абалы, муниципалдык ипотекалык программасы аркылуу турак жай алуу, материалдык жардам көрсөтүү, таза суу менен камсыздоо жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу (снос), компенсация тууралуу маселелерин көтөрүштү. Оморбек Торобаев жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн […]