Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо — мыйзамдуулукту камсыз кылуунун жана жарандарды социалдык жактан коргоонун маанилүү багыттарынын бири. Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигине кепилдик берет, майыптыгы боюнча басмырлоого жол бербейт жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин мамлекет тарабынан коргоону камсыз кылат. Бул конституциялык принциптерди ишке ашыруу укуктарды мыйзамдарда […]
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

2026-жылдын 9 айында Ош шаарынын прокуратурасына жарандардан жалпы 3 483 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 3 338 кайрылуу каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Каралып, чечилген кайрылуулардын ичинен: 2 049 кайрылуу боюнча чечим кабыл алынган; 61 кайрылуу жазык иштерине жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө материалдарга бириктирилген; 432 кайрылуу көзөмөл өндүрүштөрүнө бириктирилген; 792 кайрылуу тиешелүү […]
Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат
Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырым жуук аянтты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу аймагына айландыруу иштери башталды. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы эс алуу жайдын долбоорун коомчулукка тааныштырды. Долбоордун алкагында мында жашыл аймак түптөлүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн сейилдеп, эс алууга ыңгайлуу болгон бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле экологиялык талаптар сакталып, […]
Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Ош шаарындагы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Nº 101 көчө толугу менен жаңыланууда. Учурда мында эски асфальт катмары алынып, жер иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, жолду кеңейтүү жумуштары аткарылып, тоскоол болгон майда курулуштар алынууда. Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 1,5 чакырым. Ал эми кеңдиги 18,5 метр. Долбоордо көчөнүн бир тарабына тротуар каралган. https://www.facebook.com/share/r/18WFCkXUKx/
Муниципалдык жер тилкелери аукцион аркылуу ижарага берилди

Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев төрагалык кылган муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Комиссиянын кароосуна архитектура жана тиешелүү документтери даярдалган 61 жер тилкеси киргизилген. Анын ичинен: – 50 жер тилкеси боюнча жарыя берилген. Алардын ичинен аукционго арыз түшкөн 18 жер тилкеси боюнча ачык аукцион өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. – Арыз түшпөгөн […]
Ош шаарында бир күндө 10 сейил бак ачылды

Бүгүн Ош шаарында бир катар жаңы эс алуу бактары пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышып, түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. Эс алуу бактары төмөнкү даректерде түптөлдү: -Киргизия кино театрынын жанында ООН эс алуу багы; -Ишкаван айылындагы бак; -Достук. Катта терек айылынын […]
Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде (“Достук” айлампасында) ишке ашырылат. Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын […]
ШАЙЛОО-2027: Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык видеоролиги. Видеодон президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболору, ошондой эле мыйзамда белгиленген талаптар тууралуу маалымат ала аласыз.
Ош: Шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды

Бүгүн 16-октябрда, Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова катышты. Кыргызстандын шахмат тарыхында алгачкы жолу өтүп жаткан бул эл аралык чемпионат 25-октябрга чейин уланат. Мелдешке Азиянын 11 өлкөсүнөн 74 шахматчы катышууда. Алар 50 жаштан жогорку жана 65 […]