Инвестицияга өтүнмө калтыруу
Урматтуу инвесторлор!
Ош шаарынын мэриясынын дарегине инвестицияларга карата өтүнмөлөрдү электрондук түрдө кабыл алуу жана кароо тартиби менен жакындан таанышып алууңуздарды суранабыз.
1. Төмөндөгүдөй мазмундагы кайрылуулар кабыл алынбайт:
o Ош шаарынын мэриясынын компетентүүлүгүнө тиешеси жок маселелер;
o ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
o белгиленген тартипте талап кылынган күбөлөндүрүүчү реквизиттердин (кол тамгасы, мөөр ж.б.) болушун талап кылган маселелер;
2. Жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтү:
Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келген мөөнөтүнөн тартып, катталган күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.
3. Кайрылууларга жооп каттар жарандын анкетада көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт. Анкетага такталбаган жана туура эмес маалыматтар киргизилген болсо, кайрылууга жооп берилбейт.
4. Электрондук түрдө кайрылуу жөнөткөн жарандардын жеке өздүгү тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Мыйзамынын талаптарын кароо менен иштетилет жана сакталат.
Байланыш номери: +996 555 801 490 – Мирлан Исраилов (Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар, инвестициялар жана туризм бөлүмүнүн башчысы)
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы.