Кош каржылоо
Жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу, кирешеси жетпеген жарандарга жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүү үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан үлүштүк каржылоо долбоору иштелип чыккан.
Бул долбоор аркылуу жергиликтүү жамааттардын демилгелерине Ош шаарынын мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Жалпы долбоордун суммасынын 50 пайызы калк тарабынан топтолсо калганы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.
Үлүштүк каржылоо – бюджеттик мекемелерге, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, муниципалык, айылдык аймактык башкармалыктарга, Ош шаарынын тургундарына, инвестициялык долбоорлорго үлүштүк катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кайтарылгыс негизде берилген каражаттар.
Максаты – Долбоорлоду биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, турак жай, коммуналдык чарба, айыл чарба, суу чарба, көмөкчү жана кошумча объектилердин курулушуна, оңдоп-түзөөсүнө, реконструкциясына жана жакшыртуусуна жумшалат.
Кошумча каржылоого бөлүнгөн каражаттар жолдорду асфальттоого, үйлөргө газ киргизүүгө, домофон жабдууларын орнотууга, көп кабаттуу турак үйлөрүнүн сырткы бөлүгүн актап-сырдоого, электр жабдууларын, таза жана саркынды суу, жылуулук менен камсыздоо системаларын, чатырларын, улагаларын (подьезддерин), короолорун жана кире беришиндеги жолдорду оңдоо жана жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине көрсөтүлөт.
Жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо эл аралык финансы институттары, донорлор, өкмөттүк эмес уюмдар жана резиденттердин жеке инвестициялары тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорго кошумча болуп саналат.
Үлүштүк-каржылоо долбоору аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Ош шаарынын мэриясынын бардык муниципалык, аймактык башкармалыктары менен биргеликте иш алып барылат.
Кененирээк маалыматты:
– Ош шаарынын мэриясынын экономика, финансы жана санариптештрүү бөлүмүнөн алсаңыздар болот. Тел: 0322255089
Ошондой эле, ш шаарынын мэриясынын бардык муниципалык, аймактык башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.