✅ Ош шаарындагы А. Навои атындагы сейил багы заманбап талаптарга жооп берген жаңы эс алуу аймагына айланат.

🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, сейил бакты жаңылоо иштери шаардын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда. Шаар башчысы реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиз долбоор менен таанышып, курулушка даярдык иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. 🔹Текшерүү иштеринин алкагында мэр сейил бактын учурдагы абалы менен да таанышып, аймакты иретке келтирүү, айрым эски курулуштарды алып салуу […]
✅ Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда негизги көчө капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы негизги ички көчөнү капиталдык оңдоодон кийин расмий түрдө пайдаланууга берди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. 🔹Аталган көчөнүн жалпы узундугу 500 метрди түзүп, жол 4 тилкелүү болуп жаңыланды жана 22 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуарлар […]
✅ Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүндөгү ирригациялык инфраструктура оңдолот

🔹 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка көчөсүндө ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү максатында чирип, жараксыз абалга келген дарактарды алып салуу иштерин жеринен көрдү. 🔹 Ошондой эле шаар башчысы Алымбек датка көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишинен башталган ирригациялык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аларды тез арада бүтүрүү боюнча тапшырма койду.
Ош шаарында М.Аматов көчөсүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет

✅ Ош шаарынын М.Аматов көчөсү (Курманжан датка көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү) 10-январь эрте мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. 🔹Чектөө жолдун ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө. 🔹Убактылуу ыңгайсыздыкты эске алуу менен багытыңызда алдын-ала пландап алууну эскертебиз.
🔹 Алымбек-Датка көчөсүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет

✅ Ош шаарынын Алымбек-Датка көчөсү (Г.Айтиев көчөсүнөн Б.Асылкан көчөсүнө чейинки бөлүгү) 9-январь эрте мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. 🔹Чектөө жолдун ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө. 🔹Убактылуу ыңгайсыздыкты эске алуу менен багытыңызда алдын-ала пландап алууну эскертебиз. ————————————————— ✅ В городе Ош по улице Алымбек-Датка (участок от пересечения с […]
✅ Ош шаарында Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсү капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Достук кичи районунда жайгашкан Т.Кулмаматов (47-көчө) көчөсүн капиталдык оңдоодон кийин расмий түрдө пайдаланууга берди. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. 🔹Аны менен бирге аталган көчөдөгү ремонттон өткөн көпүрө дагы колдонууга берилди. Көпүрөнүн узундугу 9 метрди, кеңдиги 16 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды. Ал эми жолдун […]
✅ Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында №151 көчө пайдаланууга берилди.

Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында кезектеги дагы бир көчө пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. 🔹Буга чейин калаа башчы рейддик кыдырууда бир катар көчөлөрдүн абалын көрүп чыккан. Анда №151 көчөнүн тургундары аталган жолго асфальт төшөп берүүнү суранышкан. 🔹Мэр тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берген. Натыйжада болжол менен 1,3 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн […]
✅ Ош шаарында жол оңдоо иштери уланып, дагы бир көчө колдонууга берилди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. 🔹 Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Буга чейин Ж.Шамшиев көчөсү да толук оңдолуп, пайдаланууга […]
✅ Ош шаарында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

🔹Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду. 🔹Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. 🔹Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады. 🔹Майрам […]
Жаңы гүл базары пайдаланууга берилди

Ош улуттук драма театрынын жанына жаңы гүл базары ачылды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жашоочулар жана сатуучулар катышты. 🔹Жаңы гүл базары заманбап талаптарга ылайык курулуп, айнек конструкция менен жабдылды. Соодагерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. 🔹Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу дүкөндөрдү ушул […]