🔹 Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленүүдө. Мааракеге коңшу Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Кытай Эл Республикасынан делегациялар келишти.
🔹 Атайын иш-чарага Шымкент, Тараз, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Ярославль, Наманган жана Андижан шаарларынын мэриялары менен муниципалдык мекемелеринен келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери катышышты.
🔹 Коноктор Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевди жана шаар тургундарын маанилүү маараке менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Ошондой эле Ош шаары менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана боордоштук мамилени чыңдоо ниеттерин айтышты.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык белектер тапшырылып, достук жана кызматташтык байланышы дагы бир ирет бекемделди.
