ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу керектигин белгиледи

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту.
🔹 Жолугушуунун жүрүшүндө “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды.
🔹 Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.
🔹Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

🔹 Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео