ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

«Бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт!» — мэр Ош шаарындагы экинчи жаштар борборунда болду

🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Жаштардын креативдүү хабына» барып, борбордун ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты.
🔹 Хабдын жамааты менен жолугушууда мэр жаштардын демилгелерин колдоо максатында 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле бул мейкиндикти мындан ары да өнүктүрүп, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү экенин белгиледи.
🔹 «Биз жаштар билим алып, чыгармачылык менен алектенип, өз идеясын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Азыр дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, жаңы кесиптер жана чыгармачыл индустриялар заман талабы болуп калды. Ош шаарынын жаштары дагы ушул өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек», — деди Жанарбек Акаев.
🔹 «Жаштардын креативдүү хабы» — жаштар үчүн заманбап көп функционалдуу борбор. Бул жерде иштөө, билим алуу, жолугушууларды өткөрүү жана эс алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.
🔹 Шаар мэриясы аталган борбор жайгашкан Молдо Нияз көчөсүн толук оңдоп, асфальт төшөп берди. Эми жаштар үчүн хабга жетүү дагы ыңгайлуу жана жагымдуу болот.
Буга чейин дал ушул сыяктуу эле “Жаштар борбору” колдонууга берилген. Үч кабаттуу имаратта тил үйрөтүү, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуутуулар, ошондой эле заманбап конференц-залдар камтылган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео