Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундарын тиешелүү жетекчилер менен биргеликте кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин укту. Кайрылуулар боюнча жооптуу кызматтарга дароо тапшырмалар берилди.
Жарандар негизинен турак жай, базар маселелери жана социалдык көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Ар бир маселе боюнча түшүндүрмөлөр берилип, чечүү жолдору каралды.