Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ы. Монуев жана Памир көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулуш аянтчасына барып, иштердин жүрүшү менен таанышты.
Шаар башчысы курулушту сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, ошондой эле курулуш маалында жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды.








