ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар күч

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош шаарында белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты.

Көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун орнотуу планы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, А. Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Көчмө жыйынды жетектеген Айбек Джунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өтүшү пландалган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, жыйынтыгында баардык иш-чараларга байланыштуу иштерди ыкчам жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео