ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Калаа башчысы Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги мырзаны кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү.

Бакытбек Жетигенов Ош шаары көптөгөн өлкөлөрдүн шаарлары менен достук алакада экендигин белгилеп, эки тараптуу кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Ошондой эле боордош эл менен соода-экономикалык мамилелер Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Шандор Дороги учурда эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын, анын ичинде Венгрияга эт жана балык экспорту жана энергетика тармагында иштер натыйжалуу жүрүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары, Кыргызстандын 2 миң жараны Венгрияда жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, элчилик Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнө визаларды берүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош жана Сегед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү, студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ош шаарында өкүлчүлүгүн ачуу, ишкерлер үчүн биргелешкен бизнес-форум уюштуруу сунушталды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео