Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Лю Минчэ мырзаны кабыл алып, аны жаңы кызматка дайындалышы жана Башкы консулдуктун ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышы менен куттуктады.
Жолугушууда кыргыз-кытай мамилелерин, анын ичинде аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана туристтик багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Мэр Жанарбек Акаев кытайлык инвесторлордун Ош шаарына болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады. Ал Ош шаарынын мэриясы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана коомдук эрежелерди урматтоо зарылдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.
Ош шаары Кытайдын Үрүмчү, Сиань, Синин, Шицзячжуан, Ланьчжоу, Фошань, Далянь жана Кашкар шаарлары менен боордоштук жана тыгыз байланыштарды түзгөн.
https://www.facebook.com/share/v/1EnDyqhsHs/



