ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Көз карандысыздык күнүнө карата шаар көчөлөрү иреттелип, тазалыкты сактоо иштери күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте, Ош шаарынын көчөлөрүн иретке келтирүү жана тазалыкты сактоо максатында жеринен көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди.

Мында негизги Ленин, Курманжан-Датка жана ички көчөлөрдөгү ирригациялык тармактардын, жашыл аянттардын абалы, имараттардын сырткы көрүнүштөрү текшерилди.

Рейддин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга бак-дарактарды сырдоо, жол боюндагы жашыл аянттардын санын көбөйтүү, мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик имараттардын сыртын жаңылоо, шаар көчөлөрүндө санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо, арыктарды тазалоо, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео