ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто социалдык-маданий мекемелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык-маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты.

Калаа башчысы “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүндө болуп, анда жашаган балдар үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине келерки жылга долбоорду даярдоо боюнча тапшырмасын берди.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов К.Ташбаев атындагы шаардык китепканага барып шарт абалы менен таанышып чыкты. Мында китепкана үчүн жаңы имарат салуу, китеп фондун бириктирүү боюнча алдыдагы жасалчу жумуштар боюнча сөз болду. Имараттын курулушун кийинки жылга киргизүү маселеси каралды.

Мындан тышкары, шаар башчысы алдыда оңдоп-түзөөдөн өтө турган Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын абалын да көрүп чыкты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео