ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар башчысы жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылуусуна ылайык, Озгур айылындагы суу насосунун иштен чыгышынан улам, таза сууга муктаж болгон Солнечный тилкесинин тургундарынан кабар алды.

Шаар башчысы маселени жеринде көрүп, «Ош шаар суу канал» ишканасынын адистеринин жардамы менен иштен чыккан насостун абалын тез арада талдап, оңдоону тапшырды.

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына келерки жылга карата аталган аймактын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун иштеп чыгуу талабын койду.

Бакытбек Жетигенов андан ары Жапалак аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн Жолон Мамытов көчөсүндөгү тротуарды куруу жана оңдоп-түзөө маселесин угуп, бул боюнча тиешелүү кызматтарга келерки жылдын иш-мерчемине киргизүүнү тапшырды.

Шаар башчысы, жаңы откана жана ФАП курула турган Кулатов кичи районуна да барды. Мында жалпы аянты 760 метр квадратты түзгөн эски гараждар алынган соң, жогоруда белгиленген имараттардын курулушу болжолдонгон.

Буга байланыштуу калаа башчысы тиешелүү кызматтарга даярдык иш-чараларын жүргүзүү тапшырмасын берди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео