Быйыл Президент Садыр Жапаров Ош шаарында 10 жаңы мектептин курулушуна расмий старт берген. Мамлекет башчысы №2 Салижан Жигитов атындагы мектепке жеке өзү барып капсула салса, калган билим берүү объектилеринин курулушу онлайн режимде башталган.
Бул долбоорлор Ош шаарында билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана окуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен дагы 7 мектептин кошумча корпусу курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Калган обьектилерде азыркы тапта курулуш кызуу жүрүүдө.
Бул долбоорлор шаар эли үчүн заманББбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактардын өнүгүүсүнө жана келечек муундардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө болот.
https://www.facebook.com/reel/2267447370677435

