ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Айыл чарба техникуму жаңы жабдуулар менен камсыз болду

Бүгүн, Ош айыл чарба техникумуна, Бүткүл дүйнөлүк банктын Ош облусу жана Ош шаары боюнча “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун, “Негизги айыл чарба кызматтарын жөнгө салуучу функцияларды жакшыртуу” курамынын 1-этабынын алкагында, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ААЖБ) тарабынан (жалпы суммасы 84 460 АКШ долларды түзгөн ) жаңы заманбап, акыркы үлгүдөгү электрондук окуу куралдар, компьютерлер, керектелүүчү шаймандар, интерактивдүү доскалар, практикалык сабактар үчүн электрондук симуляторлор тапшырылды.

Долбоордун экинчи этабы боюнча окуу жай косметикалык оңдоодон өтүп, студенттер практикалык жактан окутуу максатында айыл чарба техникалары: дан, жүгөрү жыйноочу комбайндар, тракторлор, айыл чарба шаймандары ( анын ичинде кош, мала, тырмооч ж.б), практикалык окууга баруу үчүн жеңил автоунаалар (кичи автобус), мал жаныбарлардын электрондук макеттери, агрономия жана электрофикация адистигинде окугандар үчүн тиешелүү окуу куралдарынын акыркы үлгүдөгү моделдери менен камсыз болушат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео