ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Көп жылдан берки көйгөй чечилүүдө: Ишматов көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулат

Бүгүн Ош шаарындагы Ишматов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана жол куруу иштерине старт берилди.

Долбоордун алкагында узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Ишматов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн бириктирген шаардагы маанилүү транспорттук каттамдардын бири. Аталган жол аркылуу жүк ташуучу унаалардын кыймылы көп болгондуктан, жолдун учурдагы абалы тургундар үчүн бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген.

Эми жолдун жаңыланышы менен транспорттук каттамдын сапаты жакшырып, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалат.

https://www.facebook.com/share/v/1ChB22VV7L/?mibextid=wwXIfr


Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео