ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык акциясына чакырабыз

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Шаарыбыздын таза абасына жана өз ден соолугуңузга салым кошууга даярсызбы?
Ош шаарынын мэриясы сиздерди “Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык челленджине катышууга чакырат!
Акциянын негизги максаты — шаарыбызда экологиялык транспортту жайылтуу, автоунааны азайтуу жана калаада сергек, таза чөйрөнү калыптандыруу.
Челленджге кантип катышуу керек?
1. Бир күнгө унаадан баш тартыңыз: Жумушка велосипед менен келиңиз.
2. Сүрөт/видео тартыңыз: Велосипед менен түшкөн сүрөтүңүздү же кыска видеоңузду (атайын жасалган рамка менен) социалдык тармактарга жарыялаңыз.
 (рамканы жүктөп алуу зарыл)
3. Хэштегдерди белгилеңиз:
4. Эстафетаны өткөрүңүз: Постуңузга 2-3 кесиптешиңизди же досуңузду белгилеп (таг кылып), челленджди улантууга чакырыңыз.
АКЦИЯ АР АПТАНЫН ЖУМА КҮНДӨРҮ өтүп, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө чейин уланат. Алгачкы старт 28-август күнү берилет.
Эң активдүү катышуучуларга сыйлыктар бар!
Акциянын соңунда эң креативдүү жана активдүү катышуучулардын посттору мэриянын расмий баракчаларына жарыяланып, “Эң активдүү катышуучу” номинациясы менен сыйланат.
Андыктан өз унааңызды бир күнгө токтотуп, жумушка велосипед менен келиңиз! Сүрөт же видеоңузду социалдык тармакка жарыялап, кесиптештериңизди челленджге чакырыңыз.
Жеке транспорттон бир күнгө баш тартуу — бул сиздин ден соолугуңузга жана шаарыбыздын айлана-чөйрөсүн коргоого кошкон салымыңыз!
https://www.facebook.com/share/r/192H3cyR6m/

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео