Бүгүн Ош шаардык мэриясында мекеме-ишканалардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын башчылары катышкан кеңейтилген жыйын өттү.
Жыйында жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо, чечилбей келген көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү жана бюрократияга жол бербөө маселелери талкууланды.
Мэриянын аппарат башчысы Мыктыбек Осмоналиев билдиргендей, жыл башынан бери 637 тапшырма көзөмөлгө алынып, анын 27 пайызы аткарылган.
Жыйында курулуш жана коммуналдык тармактардагы көйгөйлөр, анын ичинде айрым көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуу документтеринин жоктугу жана социалдык объектилердин пайдаланууга берилбей жатканы айтылды.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мекеме жетекчилерин жарандардын көйгөйлөрүн создуктурбай, мыйзам чегинде жана ыкчам чечүүгө чакырды. Өз деңгээлинде чечиле турган маселелерди мэрияга жеткирбей, жетекчилер жеке жоопкерчилик алышы керектигин белгиледи.
Көйгөйлөрдү чечүү максатында Жанарбек Акаевдин төрагалыгы алдында комиссия түзүлдү. Комиссия бир ай ичинде жарандардын кайрылууларын карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
https://www.facebook.com/share/p/196AWeJtKL/
https://www.facebook.com/share/p/196AWeJtKL/

