Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 101-көчөнүн 1 чакырым жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Ушу тапта жолго асфальттын биринчи катмары төшөлүп жатат.
Жумуштар толугу менен шаардык мэриянын көзөмөлүндө. Эске салсак, жолдун курулушу май айында башталган.

