ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар арасында “Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалык” аталышында сынак жарыялайт

Сынак, Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өткөрүлүп, ага Ош шаарынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар (эки топко бөлүнүп ) катышып, натыйжасы 23-сентябрда чыгарылат.

Сынактын шарттары:

– Башкармалыктардын аймагында, мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштерин жүргүзүү;

– Аймактардын көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактардын сабаттуулугун талдоо;

– Муниципалдык аймакта жайгашкан менчиктин бардык формаларындагы мекеме-ишканалар жана уюмдар керектөөчүлөрдү тейлөөчүлөрдүн мамлекеттик тилде иш алып баруусун көзөмөлдөө;

– Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган жарнамалардын жасалгасына ылайык келтирүүнү камсыздоо.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео